Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Кыргызстандын дыйкандары Өзбекстанга картошка экспорттойт
20.11.2023 | 23:16
Нарын жана Ысык-Көл облустарынын дыйкандары Ташкентке картошка экспорттойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, бул тууралуу келишимге Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков менен өзбек импортерлорунун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилди.
“Кол коюлган келишимге ылайык, биринчи жеткирүүнүн жалпы көлөмү 1000 тоннага жакын деп бааланууда. Товардын биринчи партиясы лабораториялык текшерүүдөн кийин жолго чыгат”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика