Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Кыргызстандын кайсы аймагында жумушсуздар көп? Статистика
26.05.2023 | 14:15
Кыргызстанда жумушсуздук жылына 4,2%га азайды. Алсак, 1-майга карата Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 99,2 миң адамды түздү.
Ошол эле учурда өлкөдө 75,3 миң расмий катталган жумушсуз бар, бул бир жыл мурункуга караганда 3,8% аз.
Жумушсуз жаштардын эң көп саны Жалал-Абад облусунда катталып, 20 миң 814 адамды түздү. Андан кийин Ош облусунда 17 миң 460 адам, Баткен облусунда 13 миң 313 адам, Чүй облусунда 5102 адам, Ысык-Көл облусунда 3800 адам, Нарын облусунда 2478 адамды түздү.
Ошондой эле, жылдык маанидеги оң динамикага карабастан, ушул жылдын апрель айына салыштырмалуу өлкөдө жумушсуздук 0,9%га өскөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом