Кыргызстандын Кытайга болгон карызы бир жылда 25 млрд 811,4 млн сомго жогорулады

Кыргызстандын Кытайга болгон карызы бир жылда 25 млрд 811,4 млн сомго жогорулады

Бир жыл ичинде Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызы 25 миллиард 811,4 миллион сомго жогорулады. Мындай тыянактарды Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздын түзүмү жөнүндө отчетунда келтирилген маалыматтарга ылайык чыгарса болот.

Ошол эле учурда, чет элдик валютадагы насыялардын көлөмү азайып кетти. Эгерде 2020-жылдын 30-январына карата Кыргызстан КЭРдин Экспорттук-импорттук банкына 1 миллиард 794 миллион доллар карыз болсо, ушул жылдын январь айынын аягында бул сумма 1 миллиард 782,16 миллион долларды түзгөн, башкача айтканда, карыз 11,9 миллион долларга түшкөн.

Республиканын Кытайга берген насыясынын наркынын көтөрүлүшү, өлкөнүн тышкы насыяларды чет элдин валютасында алгандыгына байланыштуу. Улуттук банктын маалыматы боюнча, сом АКШ долларына карата 21,4% га төмөндөп, тышкы карыздын наркынын өсүшүнө алып келген.

Кытайдан алган насыялар Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын 42% түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>