Кыргызстандын стратегиялык обьектисин тажик адистери оңдоп жатабы?

Кыргызстандын стратегиялык обьектисин тажик адистери оңдоп жатабы?

Кара-Көл шаарында 200 тажик милициянын кайтаруусу менен, стратегиялык жашыруун обьектибиз, Токтогул ГЭСин реконструкция кылып жатат. Бул тууралуу Турду Акматалиев аттуу фейсбук колдоонучусу жазды.

“Кыргызстандын так ортосунда жайгашкан Кара-Көл шаарында 200 тажик милициянын кайтаруусу менен, стратегиялык жашыруун обьектибиз, Токтогул ГЭСин реконструкция кылып жатат. Реконструкциялоо боюнча тендерди Франциянын ишканасы утуп, тажиктерге субьподрядка берип коюшкан. Эмне үчүн? Себеби биздин атка минерлер, шапкесин алып, тендердик шарттарды франциялык ишкананын айтканындай жасап беришкен”, — дейт социалдык тармактын колдоонучусу.

Анын айтымында, эгерде тендердин шарттарына, субьподрядка берилсе Кыргызстандын гана ишканаларына берилет деп жазылганда, Кара-Көлдөгү «Нарынэнергокурулуш» ишканасы реконуструкция жүргүзүп, эл жумуш менен камсыз болмок.

“Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Камбар-Ата ГЭСтерин курган «Нарынэнергокурулуш» бирикмеси реконуструкция жасай албай калмак беле. Жумуштун жоктугунан, Кара-Көлдуктор Якутиядагы Бурей ГЭСинин курулушунда иштеп жүрүшөт”, — деген Турду Акматалиев.

«Репотрёрго» «Электр станциялары» ААКтын басма сөз кызматынан Токтогул ГЭСин тажик улутундагы адистер оңдоп жатканын тастыкташты.

“ГЭСте иштеген тажик улутундагы адистер — булардын чек-ара маселесине эч кандай тиешеси жок”, — дешти мекемеден.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>