КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кыргызстандык альпинист Ама-Даблам чокусун багындырды – видео
08.11.2022 | 12:43
Кыргызстандын альпинисттер командасынын мүчөсү Андрей Ерохин дүйнөдөгү эң таанымал чокулардын бири болгон Ама-Даблам чокусун багындырды. Бул тууралуу ал социалдык баракчасында билдирди.
Аталган чоку Непалдын Хумбу аймагындагы Гималайдын чыгыш бөлүгүндө, Эвересттен 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.
“Өлкөбүздүн туусу кайрадан Ама-Даблам чокусунда! Алга, Кыргызстан”, – деп жазган ал.
Андрей Ерохин 38 жашта, ал 2004-жылдан бери Тескей Ала-Тоо, Тянь-Шань, Памирдин тоолуу аймактарында альпинисттер жана туристтер менен иштешип келет. Бир нече эл аралык экспедицияларга катышкан. 2011-жылы Кыргызстандагы Жеңиш чокусун багындырган.
Ама-Даблам чокусунун бийиктиги 6814 метрди түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом