Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары дайындалды

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары дайындалды

Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Калыков Бакыт Үсөнканович Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп 5 жылдык мөөнөткө дайындалды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга байланыштуу Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков кеңешме өткөрүп, төраганын жаңы орун басарын судьяларга жана аппараттын кызматкерлерине тааныштырды.

Өз сөзүндө Бакыт Калыков кесиптештерине жана сот аппаратынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, ак ниет иште чоң жоопкерчиликти белгилеп, жетишкендиктерди каалады.

Эске салсак, Кыргызстандын 2021-жылдын 15-ноябрындагы №134 конституциялык мыйзамына ылайык, Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө жергиликтүү соттордун судьяларын көрсөтүүнүн жана дайындоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Жогорку соттун төрагасы жергиликтүү соттордун төрагаларын жана алардын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>