Жасалма жамгыр жана жаратылыш балансы — Акылбек Жапаров Борбор Азия чөлкөмү үчүн тобокелдиктер тууралуу

18.05.2026 | 18:09

Министрлер кабинетинин экс-төрагасы Акылбек Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасында Казакстан жамгырды жасалма чакыруу технологияларын киргизе баштаганы тууралуу маалыматка пикирин билдирди.

Анын айтымында, бул жаңылык анда олуттуу тынчсызданууну жараткан.

«Бир караганда, мындай технологиялар суу тартыштыгы маселесин чечүүнүн заманбап жолу сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок, бир кыйла терең суроо туулат: эгерде кайсы бир жерде жасалма жол менен кошумча суу пайда болсо, демек, башка бир жерде ал азайышы мүмкүн», — деп эсептейт Жапаров.

Ал жаратылышта эч нерсе жок жерден пайда болбой турганын жана эч нерсе изсиз жоголбой турганын баса белгиледи: атмосфера, аба агымдары, нымдуулук, мөңгүлөр жана жаан-чачындар бирдиктүү өз ара байланышкан система болуп саналат, ошондуктан ага жасалган ар кандай масштабдуу кийлигишүү бир өлкөнүн чегинен тышкары чыккан кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

«Акыркы убакта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү жамгырды жасалма чакыруу жана климаттык процесстерге таасир этүү технологияларын жигердүү колдоно баштагандыгы тууралуу маалыматтар көбөйүүдө. Эгерде мурда бул локалдык эксперимент катары кабыл алынса, бүгүнкү күндө мындай технологиялар акырындык менен суу коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын бир бөлүгүнө айланууда», — деп жазат Жапаров.

Акыркы жылдары мындай программаларды Жакынкы Чыгыш мамлекеттери, Кытай, Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү жана дүйнөнүн башка аймактары өнүктүрүп жатканын тактады. Экс-аткаминер бул Борбор Азия үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин, эгерде бир аймакта жаан-чачындын көлөмү жасалма түрдө көбөйтүлсө, бул башка аймактардагы атмосфералык нымдуулуктун бөлүштүрүлүшүнө потенциалдуу таасир этиши мүмкүн экенин белгиледи. Мындай өзгөрүүлөргө өзгөчө тоо экосистемалары сезимтал келет.

«Кыргыз Республикасы чөлкөмдүн суу ресурстары калыптанган негизги өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Биздин мөңгүлөр бүгүнкү күндө эле тездик менен кыскарууда. Дарыялардын, көлдөрдүн абалы жана суу балансы нымдуулуктун циркуляциясынын, температуранын жана жаан-чачындын татаал системасынан түздөн-түз көз каранды. Эгерде чөлкөмдө атмосферага жасалма таасир этүү технологиялары масштабдуу колдонула баштаса, анын кесепеттери узак мөөнөттүү болуп, бүтүндөй Борбор Азиянын экосистемасына таасирин тийгизиши мүмкүн», — дейт Жапаров.

Ал дүйнө буга чейин эле ушундай талкууларга туш болгонун эске салды — Перс булуңундагы катуу нөшөрлөрдөн кийин климаттык аномалиялар менен БАЭдеги cloud seeding (булуттарды себүү) программаларынын ортосундагы мүмкүн болгон байланыш кызуу талкууланган.

Окумуштуулар мындай байланыштын тикелей далилдери жок экенин баса белгилешсе да, бул тема климаттык кийлигишүүнүн трансчек аралык кесепеттери тууралуу олуттуу эл аралык талкууну жаратканын кошумчалады экс-өкмөт башчы.

Жапаровдун айтымында, буга чейин айрым мамлекеттер мындай технологиялардан улам «жаан-чачындын кайра бөлүштүрүлүшү» боюнча кооптонууларын ачык айтып чыгышкан.

«Эл аралык эксперттер дагы атмосфералык процесстерге таасир этүү технологиялары барган сайын масштабдуу болуп баратканын жана эл аралык жөнгө салууну, ачык-айкындуулукту жана илимий көзөмөлдү талап кыларын белгилешүүдө. Бүгүнкү күндө климатка жасалма таасир этүү маселеси — бул бир гана технология маселеси эмес. Бул экология, эл аралык коопсуздук, суу ресурстарынын туруктуулугу жана бүтүндөй чөлкөмдөрдүн келечегинин маселеси», — деп жазат ал.

Автор Кыргыз Республикасы мындай процесстерге өзгөчө көңүл буруп, өзүнүн узак мөөнөттүү экологиялык кызыкчылыктарын ырааттуу коргошу керектигин кошумчалады.

Жапаровдун пикири боюнча, төмөнкүлөр зарыл:

  • климатка жасалма таасир этүү технологияларына эл аралык мониторинг жүргүзүү;
  • мындай долбоорлордун трансчек аралык кесепеттерине илимий баа берүү;
  • мөңгүлөрдүн абалын изилдөөнү күчөтүү;
  • регионалдык экологиялык коопсуздук механизмдерин иштеп чыгуу;
  • көзөмөлсүз климаттык таасирлерди чектөө боюнча эл аралык келишимдерди түзүү;
  • Борбор Азиянын табигый суу балансын коргоо.

Мындан тышкары, Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү экология, климат жана суу коопсуздугу маселелеринде бирдиктүү регионалдык саясат иштеп чыгышы керектигин белгиледи.

«Бул маселелер чөлкөмдүн бардык мамлекеттерине тиешелүү. Экология, суу жана мөңгүлөр мамлекеттик чек араны тааныбайт, демек, чечимдер дагы биргелешкен жоопкерчиликтин жана узак мөөнөттүү регионалдык мамиленин негизинде калыптанышы керек. XXI кылымда суу жана экология — бул жөн гана айлана-чөйрө маселеси эмес. Бул экономикалык туруктуулук, азык-түлүк коопсуздугу, энергетика, айыл чарба жана мамлекеттердин келечектеги өнүгүү маселеси», — дейт ал.

Жапаров мөңгүлөрдүн жоголушу, суу балансынын өзгөрүшү жана климаттык туруксуздук бүтүндөй чөлкөм үчүн ири узак мөөнөттүү экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин баса белгиледи. Мына ошондуктан экология маселелери бүгүнкү күндө абстракттуу тема болуудан калып, Борбор Азиянын стратегиялык коопсуздугунун жана келечегинин бир бөлүгүнө айланууда.

Scroll to Top