Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, аймактын өнүгүшү боюнча баяндамаларды угатAsman Airlines авиабилеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемесин ишке киргизди22-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирди
Кыргызстандын жана Тажикстандын Орусиядагы элчилери жолукту
06.04.2021 | 15:09
5-апрелде Кыргызстандын жана Тажикстандын Орусиядагы элчилери Москва шаарында жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имомуддин Сатторов менен жолугушуу өткөрдү.
Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү биргелешкен ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө, Оруссиядагы эки өлкөнүн диаспораларынын ортосунда байланыштарды түзүүгө жана тажрыйба алмашууга, биргелешкен маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурууга багытталган кыргыз-тажик мамилелеринин маселелери талкууланган.
Тараптар кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы болгон достукту чыңдоо үчүн байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришкен.