Түрк ишкерлери Кыргызстанда тоо лыжа базасын курууга кызыктар

Түрк ишкерлери Кыргызстанда тоо лыжа базасын курууга кызыктар

Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү  Стамбулда өткөн «Түрк дүйнөсүнүн соода платформасында» презентация жасады. Иш-чарага 145ке жакын түрк ишкери катышканын аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка караганда, түрк ишкерлери менен жолугушууну негизинен Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу уюштурган.

Башкы консул Лира Сыдыкова форумдун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана биздин өлкөдө бизнес жүргүзүү шарттары тууралуу айтып берип, түрк бизнесмендеринин көңүлүн республикадагы салыктардын аздыгына бурган.

Ошондой эле, экономиканын келечектүү тармактары жана Кыргызстанда инвесторлордун укуктарын коргоо жөнүндө маалымат берген.

Бир нече түрк ишкерлери Baytik Mountain Resort, RestPoint лыжа базасынын курулушуна жана бул долбоорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>