Окумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалдыАйрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилдиКР Саламаттык сактоо министрлиги реанимация кызматын өнүктүрүү пландарын белгиледиЖибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн ачылатКыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздик салыкты жогорулатуу сунушталууда
Кыргызстандын ЖОЖ, мектептеринде коронавируска байланыштуу карантин жарыяланбайт
06.03.2020 | 12:46
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында, мектептерде коронавируска байланыштуу карантин жарыяланбайт. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков билдирди.
Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө билим берүү мекемелерин жабууга же карантин жарыялоого эч кандай негиз жок, анткени өлкө аймагында коронавирус катталган учур жок.
«Окуу процессине чектөөлөрдү коё албайбыз. Ал календардык план менен жүрөт. Биз масштабдуу иш-чараларды, көргөзмө, семинар, форумдарга чогулбагыла деп айтабыз. Биз мындан ары көзөмөлдү дагы күчөтүп, чоң иш-чараларды өткөрбөй туралы», – деп билдирди салматтык сактоо министринин орун басары.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом