Аргентина Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн акча чыгарууну пландоодо

Аргентина Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн акча чыгарууну пландоодо

Аргентинанын Борбордук банкы улуттук кураманын капитаны Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн банкнотторду чыгарууну пландоодо, деп жазат El Financiero гезити.

Учурда өлкө бийлиги 1000 песо (болжол менен 5,4 евро) банкнотунда ПСЖ футболчусунун сүрөтүн тартуу вариантын карап жатат, анткени номинал Мессинин оюн номери «10» менен башталат.

Купюранын арткы бетинде Аргентина курама командасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони лакап аты La Scaloneta деген жазуу пайда болушу мүмкүн. 2017-жылдын үлгүсүндөгү 1000 Аргентина песосунун учурдагы банкнотунда кызыл куш сүрөттөлгөн.

Аргентина курама командасы 2022-жылы Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Финалдык беттеште Францияны 3:3, пенальтилер сериясын 4:2 эсебинде утуп алышты. Месси финалда эки гол киргизип, чемпионаттын мыкты оюнчусу аталган.

Катар: Дүйнө чемпиону жана бардык командалар канча акча алышат?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>