Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди

Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди

Кытай гуманитардык жардам катары Кыргызстанга медициналык каражаттарды берди. Гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кытай Өкмөтү чартердик каттам менен 100 000 даана ПЧР-тест, медициналык көз айнек — 30 000, N95 бет кап — 30 000, медициналык бет кап — 150 000, термометр 1000 даана  өлкөгө жеткирип берди. 

Иш-чарада Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кытай Өкмөтү гуманитардык жардам гана бербестен, коронавируска каршы күрөшүүдө консультациялык жактан дагы көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында Кыргызстан биринчилерден болуп Кытайга гуманитардык жардам бергенин белгиледи. 

Эскерте кетсек, буга чейин дагы Кытай Өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коргоочу медициналык жабдууларды берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>