Лю Цзянпин Кытайдын Кыргызстандын элчиси болуп дайындалды. Ал бүгүн, 9-январда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда Исаев кытай элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн арттыруу үчүн биргеликте иш алып барарына ишенимин билдирди.
Лю Цзянпин колдоо жана жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн алакасын, кызматташтыгын өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп Ду Дэвэнь иштеп келген (2019-2024-жыл).