Кыргызстанга Lexus’ту мыйзамсыз ташып келген прокурор кармалды

Кыргызстанга Lexus’ту мыйзамсыз ташып келген прокурор кармалды

Кыргызстанга Lexus GX 470 мыйзамсыз ташып келген прокуратура кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-июнга караган түнү Баткендин Раззаков шаарында Lexus GX 470 унаасы токтотулган. Аталган унаага жасалма номер тагылып, ыкчам маалыматтар боюнча, коңшу мамлекеттен мыйзамсыз айдалып келген.

«Унааны өзүн «Нарын облусунун прокуратурасынын кызматкеримин» деп тааныштырган Лейлек районунун Д.А. аттуу тургуну башкарып бара жаткан. Учурда УКМК облустук прокуратура менен биргеликте тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>