Катар эмиринин Кыргызстандагы иш сапарында 13 документке кол коюлду

Катар эмиринин Кыргызстандагы иш сапарында 13 документке кол коюлду

Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 7-июнда, эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуу.

— Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

— Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

— Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы бажы мыйзамдарын оптималдуу колдонуу жана бажылык тартип бузууларга бөгөт коюу жана ага каршы күрөшүү максатында өз ара административдик жардам жөнүндө макулдашуу.

— Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы ветеринария тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

— Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

— Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Катар Мамлекетинин Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

— Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Катар Мамлекетинин муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

— Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Катар Мамлекетинин муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосунда айыл-чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум.

— Кыргызстандын Финансы министрлиги менен Катар Мамлекетинин Финансы министрлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

— Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Катар мамлекетинин Ички иштер министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

— Кыргызстандын Улуттук банкы менен Катар Мамлекетинин Борбордук банкынын ортосунда борбордук банктардын ишмердиги жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

— И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен Катар авиациялык колледжи ортосунда адистерди даярдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>