Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду«Асман Эйрлайнс» Ысык-Көл менен Баткендин ортосундагы алгачкы түз каттамды аткардыЭмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдүУлуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутатКыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрү
Кыргызстанга Турциядан 351 жаран келди
24.04.2020 | 13:41
Бүгүн, 24-апрелде “Стамбул-Бишкек” чартердик каттамы аркылуу 351 жаран мекенине кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Бул жарандар Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан.
Шатабдын маалыматына ылайык, чартердик каттам 10-апрелдеги Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашкан.
Саммиттин учурунда президент Сооронбай Жээнбеков бардык өлкөлөрдүн уюмдарына кайрылып, коронавирус пандемиясынан улам өз өлкөлөрүнө кайтууга мүмкүндүгү жок болгон жарандарга колдоо көрсөтүүнү суранган.
Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу боюнча иштер улантылып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом