Саламаттык сактоо министрлиги алты медициналык колледжге аккредитация берүүдөн баш тартты — тизме

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги алгачкы жолу орто кесиптик медициналык билим берүү уюмдарында мамлекеттик аккредитациялоону жүргүздү. Анын жыйынтыгы боюнча алты билим берүү уюму мамлекеттик аккредитация ала алган жок.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 22-июндан 3-июлга чейин ведомстволор аралык эксперттик комиссиялар өлкөдөгү бардык медициналык колледждердин ишмердүүлүгүн баалашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө медициналык билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик талаптарга жана стандарттарга шайкештиги, адистерди даярдоонун сапаты, кадрлар менен камсыз болушу, материалдык-техникалык базасы, билим берүү процессин окуу-методикалык жактан коштоо, ошондой эле билим берүүнүн сапатын ички камсыздоо системасынын натыйжалуулугу бааланды.
Жыйындын жыйынтыгы менен төмөнкүлөргө мамлекеттик аккредитация берүүдөн баш тартылды:
● № 1 медициналык-фармацевтикалык колледжине;
● Ысык-Көл медициналык-стоматологиялык колледжине;
● Кочкор-Ата аймактык колледжине;
● К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Окуу-илимий-өндүрүштүк комплексине — «Медициналык айым иши» жана «Дарылоо иши» программалары боюнча;
● «Авиценна» эл аралык медициналык университетинин Медициналык колледжине;
● «Уникум» кыргыз медициналык-социалдык колледжине.
Алты жылдык мөөнөткө аккредитация алгандар:
● Талас медициналык колледжи;
● Нарын медициналык колледжи;
● Майлуу-Суу медициналык колледжи;
● Кызыл-Кыя медициналык колледжи;
● И. К. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжи;
● С. Тентишев атындагы Азия медициналык университетине караштуу Медициналык колледж;
● Эл аралык жогорку медицина мектебинин Орто медициналык билим берүү борбору.
Бир жылдык мөөнөткө аккредитация алгандар:
● Бишкек медициналык колледжи;
● Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун Медициналык колледжи;
● «Кыргызстан эл аралык университети» окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси;
● Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык колледжи;
● К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси («Акушердик иш» жана «Фармация» программалары);
● Жалал-Абад медициналык колледжи;
● Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин Медициналык колледжи;
● Ош мамлекеттик университетине караштуу Медициналык колледж;
● Ош мамлекеттик университетине караштуу Өзгөн эл аралык медициналык колледжи;
● Ж. Баласагын атындагы КУУнун А. А. Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Медициналык колледжи;
● Ош медициналык колледжи;
● Токмок медициналык колледжи;
● Кара-Балта медициналык колледжи;
● Медициналык-фармацевтикалык колледж;
● «Дулдул Тоо» Араван колледжи;
● Ош аймактык колледжи.
Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик аккредитациянын жыйынтыгы орто кесиптик медициналык билим берүү системасын өркүндөтүүнүн маанилүү этабы болгонун белгиледи.
Бул жараян медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга, билим берүү программаларынын саламаттык сактоо тутумунун заманбап талаптарына шайкеш келишин камсыз кылууга жана коомдун медициналык билим берүүгө болгон ишенимин бекемдөөгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.