“Кыргызтелеком” жана “Кыргыз почтасы” Нарында бала бакчаны менчиктештирип алган
Нарын облусунун Ат-Башын районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому жана Ат-Башы районунун “Кыргыз почтасы” мамлекеттик мекемеси, КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу менен, аталган айыл өкмөтүндөгү “Тамчы-Булак” муниципалдык бала бакчасынын имаратынын ичиндеги, жалпы аянты 44,72 чарчы метр болгон эки бөлмөнү мыйзамсыз менчиктештирип алышканы аныкталган.
Аталган объектилерди кайтаруу максатында райондун прокуратурасы 28-апрелде Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын атына сунуш киргизген.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчиктештирилген бөлмөлөр “Тамчы-Булак” бала бакчасынын менчигине кайтарылган.