Өспүрүм кызды бир нече жылдан бери зордуктап жүргөн адам Ошто кармалды

Өспүрүм кызды бир нече жылдан бери зордуктап жүргөн адам Ошто кармалды

Эгерде мага кордук көрсөткөн баланы камасаӊар гана барын  айтып беремин. Антпесеӊер ал мага тынчтык бербейт. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жабырлануучу кыз билдирген.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 1992-жылы туулган Т.Д. аттуу жаранды кармашты. Ал 18-майдан 19-майга караган түнү Кызыл-Кыя шаарынан күч менен 2003-жылы тууган кызды Ош шаарына  алып келип, машинасында кармап отурган кезде кармалган.

«Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, бул шектүү 2003-жылы туулга кыз менен кыз-жигит болуп жүрүшүп, 2019-жылы эле бир нече ирет зордуктаган. Андан соӊ анын эркине каршы,  «сени зордуктаган учурду видеого тартып алгамын» деп коркутуп, өз эркине каршы бир нече жолу зордуктап жүргөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Милицияга арыз жазуудан корккон. Ал убакта жабырлануучу болгону 16 жашта болгон», — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу бул көрсөтмөлөрдү шектүүнү камай турган болсо гана бере ала турганын айтып берген.

«Камабасаӊар менин берген көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан коркком», — деп билдирген.

18-май күнү шектүү Кызыл-Кыя шаарынан жабырлануучу кызды коркутуп, кыздын эркине каршы өз автомашинасына салып, түнү Ош шаарына келген. Жолдо аны коркутуп, урган. Телефонун талкалап салган.  Негизинен шектүү кызды кызганып, «башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени бербейм эч кимге» деп кызганып урган.

19-май күнү эрте менен саат 09.00 чамасында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныкташып, автомашинада отурган жеринен кармашкан. Учурда  КР жазык кодексинин «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып,  убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карай турганы айтылат.

Шектүү 1992-жылы туулган. Орусияда жүрүп келген. Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну.

Жабырлануучу 2003-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарында окуу жайлардын биринде окуйт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>