Кышкы Олимп оюндары: Кыргызстандын жалгыз спортчусуна форма берилди

Кышкы Олимп оюндары: Кыргызстандын жалгыз спортчусуна форма берилди

Кыргызстандын Лыжа федерациясы социалдык тармактардагы баракчасына Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу формасынын сүрөтүн жарыялады. Алдыдагы мелдештерге Кыргызстандын атынан бир спортчу – лыжачы Максим Гордеев катышат.

Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында төрөлгөн. Акыркы жылдары Иран, Армения, Швеция, Орусия, Италия, Швейцария, Австрия, Түркия, Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмираттарында өткөн сынактарга катышкан. Негизги турнир 2021-жылдын ноябрында БАЭде өткөн квалификациялык турнир болду – төрт старттын жыйынтыгында кыргыз спортчу слалом түрү боюнча алдыдагы Олимпиадага катышуу укугун алды.

Спортчуну Пекинге анын машыктыруучусу Игорь Борисов, миссиянын жетекчиси, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева, КР УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев коштоп барат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>