Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Кышында электр жарыгы менен жылытууга тыюу салынат
05.09.2023 | 20:03
Кышында электр жарыгы менен үйдү жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.
Анын айтымында, кышында жарыкты жапырт өчүрүү болбойт.
«Бирок суунун аздыгынан улам электр жарыгы менен жылытууга тыюу салабыз. Жарык үзгүлтүксүз жетип турат. Ар бир үйгө жетиштүү түрдө жарык берилет. Муздаткыч, сыналгы жана тамак даярдоого электр жарыгы болот. Азыр биз үнөмдөө боюнча видео роликтерди көрсөтүп жатабыз», — дейт ал.
Таалайбек Байгазиев Бишкекти көмүр менен камсыз кылынарын белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар