Кыргызстанда паспорт мафиясы жоюлду, — Эрбол Султанбаев

Кыргызстанда паспорт мафиясы жоюлду, — Эрбол Султанбаев

Кыргызстанда паспорт мафиясы жоюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кытчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кетти. Бул күрөштүн башында президент өзү турбаганда майнап чыкмак эмес.

«“Учкун” мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык.

Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан», — деди ал.

Султанбаев белгилегендей, мурда чет өлкөдөн буйрутма берип үч эсе кымбат жасалып келип турган мамлекеттин акчасы үнөмдөлдү.

«Жыл сайын биз чет өлкөдөн орточо бир жарым миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буйрутма кылчубуз.

Канча деген каражаттар абийирсиз адамдардын чөнтөгүнө түшүп турган. Паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин Кыргызстандын жасалма паспорттору чет өлкөдө аныкталган фактылар болуп келген жана алардын даярдалган жерин аныктоо ар дайым эле мүмкүн болгон эмес.

Эми болсо көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсү менен тең тайлаша алат. Андыктан эми Кыргызстандын паспортторун бүгүнкүдөй сапатта жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт. Мындан ары Кыргызстандын жарандарынын бардык улуттук документтери өзүбүздүн өлкөдө басылып чыгарылат, жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болот», — деп жазды маалымат катчы.

Буга чейин Садыр Жапаров паспорт менен акчаны Кыргызстан өзү басып баштай турганын билдирген болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>