Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 8-июлга карата аба ырайынын божомолу
08.07.2026 | 09:00

Бүгүн, 8-июлда күндүз өлкө аймагынын басымдуу бөлүгүндө кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетип, күндүз кээ бир аймактарда 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
- Чүй облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 31…36°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 14…19°C, күндүз 28…33°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 33…38°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 33…38°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 33…38°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 21…26°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 22…27°C;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 20…22°C, күндүз 32…34°C болот (күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн);
- Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн 15…17°C, күндүз 21…23°C болот.
Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгинде суунун температурасы 8-июль күнү эртең менен 18,8°C болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: погода