«Ош» базарынын айланасындагы күркөлөр алынууда

«Ош» базарынын айланасындагы күркөлөр алынууда

Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги объектилер бузулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Башкармалыктын кызматкерлери Ленин райондук муниципалдык администрациясынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Иштин жүрүшүндө 24 күркө алынып, 1134 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Бишкек шаарынын жер тилкелерине укук берүү комиссиясынын 2015-жылдын 2-сентябрындагы чечими менен «Бейкут» ЖЧКсына 0,1134 га жер тилкесин убактылуу көрктөндүрүү жана «Ала-Арча» дарясын тазалоодо технологиялык өтмөктү тейлөө максатында берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин келишим талабы аткарылган эмес.

Буга чейин башкармалык тарабынан 2024-жылдын 19-январында муниципалдык аймакты бошотуу боюнча билдирүү берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>