Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна бир күндө эки жолу таш түшүп, тазаланды

04.06.2026 | 09:52
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түштү

3-июнда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун эки тилкесине таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги менен «Кыргызавтожол» ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, таш унаа жолдун 243–296-чакырым аралыгына түшкөн. Жолду тазалоого атайын техникалар тартылып, таштар тазаланган. Азыркы учурга карата каттам ачык.

Ошондой эле унаа жолдун 260-274-чакырым аралыгына нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен таш көчкү түшүп, кум-шагыл аралашмасы жолго чыгып, жол убактылуу жабылып калган. «Кыргызавтожол» ишканасы бүгүн, 4-июнда, аталган тилке тазаланып, жол ачылганын кабарлады.

Министрлик учурда унаа жолдун кооптуу тилкелерине коргоочу тирөөч дубалдар орнотулуп жатканын, мындан тышкары, айдоочуларга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн SOS белгилери коюлуп, анда байланыш номерлери көрсөтүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле мекеме 6-июнга чейин жаан-чачынга жана өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучуна байланыштуу айдоочуларга этият болууну суранды.

Эске салсак, Түндүк-Түштүк альтернативдик 1-июндан 1-ноябрга чейин убактылуу ачылган. Унаа кыймылына күндүзгү убакытта, саат 06:00дөн 20:00гө чейин гана уруксат берилет.

Scroll to Top