Камчыбек Ташиевдин бир тууганы келтирилген чыгымды төлөгөндөн кийин үй камагына чыгарылдыАскат Алагөзөв: 30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата жолу жабылып туратКыргызстанда тигүүчүлөр жана селлерлер үчүн салык нөлгө түшүрүлүшү мүмкүнАйыл чарба министрлиги менен Италиянын FederUnacoma федерациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту«Бишкек» ЭЭА Кытайда өкүлчүлүк ачып, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койдуКиберчабуулдар жана маалыматтардын сыртка чыгып кетиши ВИЧтин алдын алууга жана дарылоого тоскоол болууда
Кытайда ресторандан газ жарылып, 30дан ашуун адам каза болду
22.06.2023 | 20:54
Өлкөнүн түндүк-батышындагы Инчуан шаарындагы ресторанда газ жарылып, кеминде 31 адам каза болуп, жетөө жараат алды.
Маалыматка ылайык, окуя кечки саат тогуздар чамасында болгон. Синьхуа маалымат агенттигинин маалыматына караганда, жарылуудан бир саат мурун кызматкерлер газдын жытын байкап, баллондун клапаны сынып, ал алмаштырылганда жарылуу болгонун аныкташкан.
Иликтөө иштеринин алкагында ресторандын ээси, акционерлери жана кызматкерлери болгон тогуз адам кармалды. Алардын активдери да тоңдурулганын Синьхуа агенттиги кабарлады.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар