УКМК Бостеринин «смотрящийин» кармады (видео)

УКМК Бостеринин «смотрящийин» кармады (видео)

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун  мүчөсү Майрамбек Мусадаров кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Мусадаров 2020-жылы Чолпон-Атадагы ат майдандын жанынан жер берем деп бир жарандан 5 миң доллар жана «Ауди С4» унаасын алып, алдап кеткен. Аталган жер тилкени Камчы Көлбаевге берип койгон.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, Майрамбек Мусадаров криминалдык чөйрөдө «Макинтош» деген каймана ат менен таанымал, мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон. Ал Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган адам болгон.

Мусадаров УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>