КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Кытайга уча турган чет элдик 46 авиакомпания каттамдарын токтотту
04.02.2020 | 18:03
Кытайга уча турган чет элдик 46 авиакомпания каттамдарын токтотту. Буга себеп Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүнөн улам болууда. Бул тууралуу өлкөнүн жарандык авиация башкармалыгынан кабарлашкандыгын РИА Новости жазат.
Маалыматка ылайык, учурда Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 20 миң 400дөн ашып, 425 адам көз жумду.
«Ооруканадан 632 адам чыгарылган. Кытайда бир күн ичинде 3,2 миң адам ооруну жуктуруп алган. Каза болгондордун саны 64кө жетти. Ал эми 2,8 миңдей бейтаптын абалы оор деп бааланууда», – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом