Венгрия кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордо окуу үчүн 200 орун бөлдү

Венгрия кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордо окуу үчүн 200 орун бөлдү

Венгрия Кыргызстанга Stipendium Hungaricum программасынын алкагында окуу үчүн 200 орундук квота бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Будапештте билдирди.

«Биз бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даярбыз», — деди ал.

Ошондой эле, президенттин айтымында, ушул күндөрү Будапештте эки өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын катышуусунда ректорлордун биринчи кыргыз-венгр конференциясы өтүүдө.

«Бул конференция университеттердин тыгыз кызматташуусуна жакшы негиз түзөт деп ишенем», — деди ал.

Stipendium Hungaricum – бул Венгриянын университетинде билим алуу үчүн Венгриянын өкмөтүнүн стипендиялык программасы.

Талапкерлер ай сайын стипендия, медициналык камсыздандыруусу, жатакана же ижарага жашаган алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>