Нарын шаарында Салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылдыИран, санкциялар жана энергетикалык каатчылык: Таалайбек Жумадылов Кыргызстан үчүн тобокелдиктер тууралууКара-Балтада курал-жарак катылган жай табылдыСадыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өнөктөштүктү бекемдөө боюнча жаңы кадамдарды белгилештиЭми жарандар тынчтыкты бузуу фактысы боюнча акт түзө алышатБыйыл 11-классты 80 миңден ашык окуучу аяктап жатат
«Кыз ала качуу» тасмасы Кореядагы ири фестивалдын баш байгесин утту
13.10.2023 | 17:33
Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореядагы Пусан эл аралык кинофестивалынын Jiseok сынактык бөлүгүндө баш байге утту. Бул тууралуу аталган тасманын “Фейсбуктагы” баракчасында кабарланды.
4-13-октябрда өткөн кинофестивалдын Jiseok сынактык программасына кыргызстандык тасмадан тышкары, Япония, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Түштүк Корея, Таиланд, Шри-Ланка жана Филиппин, жалпы 10 мамлекеттен фильмдер тандалып алынган. Алардын арасынан кыргызстандык тасмага баш байге ыйгарылган.
Пусан эл аралык кинофестивалы 1996-жылы түптөлүп, бүгүнкү күнү Азиядагы ири фестивалдардын бири болуп саналат.
“Кыз ала качуу” тасмасы Түштүк Кореядагы кинофестивалга катышат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз