23-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөтДастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралуу
Кызамык жугузган балдар көбүнчө Бишкекте катталууда
22.01.2024 | 12:30
2024-жылдын башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 536 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкекте – 177 учур, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 132, Жалал-Абад облусунда– 130, Ош облусунда – 75, Баткен облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 3 учур катталды.
Кызамык менен ооругандардын курактык бөлүштүрүлүшү:
- 1 жашка чейин – 182 бала;
- 1 жаштан 4 жашка чейин – 201 бала;
- 5 жаштан 9 жашка чейин – 77 бала;
- 10 жаштан 14 жашка чейин – 22 бала;
- 15 жаштан 19 жашка чейин – 13 учур;
- 20 жаштан 29 жашка чейин – 24 жаштар;
- 30 жаштан жогоркулар – 17 учур.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча кызамык оорусунун жалпысынан 7 миң 46 учуру катталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом