Күзөт кызматынын кызматкерлери балдар борборуна жардам көрсөттү

Күзөт кызматынын кызматкерлери балдар борборуна жардам көрсөттү

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери балдар борборуна жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Күзөт кызматынын 58 жылдыгына карата Бишкектин Ленин райондук күзөт бөлүмүндө кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулган. Мелдешти уткан команданын демилгеси менен баш байге катары алган акчалай сыйлык Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин “Акниет” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борбору” муниципалдык мекемесине жардам катары тапшырылган.

“Балдар борборуна атайын торт даярдалып, түшкү тамактануу уюштурулду. Кайрымдуулук көрсөтүүнү милиция кызматкерлери өздөрү демилге көтөрүшкөн”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>