«Кызыл» дипломдуу кадрларды мамлекеттик кызматка алууда артыкчылык берилет

«Кызыл» дипломдуу кадрларды мамлекеттик кызматка алууда артыкчылык берилет

Университетти артыкчылык диплому менен аяктаган жарандар кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизилет. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көтөрүүдө. Ал «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү сунуштап жатат.

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоор мыкты адистерди өлкөдө алып калуу максатын көздөйт.

«Кызыл» диплом менен бүткөн жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадр тандоо сынагында өзгөчө макамга ээ болушат.

Депутаттын пикиринде, бул демилге жаштарга билим алууда мыкты көрсөткүчтөргө жетүүгө умтулуусуна стимул болот.

«Кадрларды, өзгөчө ЖОЖдорду кызыл диплом менен акятаган адистерди жоготуу — кайсы болбосун мамлекеттин зор көйгөйү болуп саналат. Кыргызстан ресурстар планында жарды өлкө, бирок активдүү жана заманбап жаштарга бай», — дейт Марлен Маматалиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>