Прокурор активист Ырыс Жекшеналиевди 7 жылга эркинен ажыратууну сурады

Прокурор активист Ырыс Жекшеналиевди 7 жылга эркинен ажыратууну сурады

«Массалык башаламандыкка чакырык жасоого» айыпталып жаткан жаш активист Ырыс Жекшеналиевди прокурор 7 жылга абакка кесүүнү сурады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге анын жактоочусу Нурбек Сыдыков билдирди.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда өткөн отурумда тараптар жарыш сөзгө өткөн. Анда прокурор активист Ырыс Жекшеналиевди 7 жылга эркинен ажыратууну суранган. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу активистти 6 жылга соттоону сунуштаган болчу.

Кийинки отурум 27-ноябрга саат 16:30га белгиленди.

Анда Ырыс Жекшеналиевге акыркы сөз берлип, сот өкүм чыгарары күтүлөт.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин «Фейсбуктагы» «Полит Узник» баракчасына УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеону соцтармактарга чыгарган «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта камакка алынган.

Арадан 2,5 ай өткөндөн кийин 26-октябрда Бишкек шаардык соту Жекшеналиевди үй камагына чыгарган.

Сүрөт: «Кылым шамы» коомдук фонду

Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>