Чаткалдагы Ыдырыс-Ата күмбөзү көрктөндүрүлөтБиринчи класска барган баланы мектепке даярдоо канча турат?Ысык-Көлдө 1 млн сомдон ашык айып пулу бар айдоочу кармалдыБишкектеги көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү: ондогон көчөлөр бириктирилип, көнүмүш аталыштар башка даректерге «көчүрүлдү»Бишкекте жакында үч жаңы өнөр жай ишканасы ачылатБишкектеги Улуттук китепканада «Кытайдын Нанкин жумалыгы» башталды
Кызыл кулактык кылгандар үчүн айыпты 1 млн сомго көтөрүү сунушталууда
17.03.2022 | 10:57
Кызыл кулактык кылгандар үчүн айып пулдун саны 1 млн сомго чейин жеткирүү сунушталууда. Бул туурасында мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкканын Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламент жыйынында билдирди.
“ Эл кыйналып турганда кызыл кулактык кылгандарды “эл душмандары” деп айтат элем, башкача айта албайм. Кызыл кулактык кылып азык-түлүккө болгон бааларды негизсиз көтөрүп, керек болсо кампаларынан товарларын чыгарбай, айрымдары алардан сатып алып, кымбатаганда сатабыз деп күтүп отурушат. Буларга күч органдары чара көрүп, элге аларды көрсөтүп турушубуз керек. Ушул тапта аларга айып пулдун көлөмү 17 миң сом экен, айып пулдун көлөмүн 1 млн сомго жеткирели деп мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз”- деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар