Энергетиктер Кыргызстанда электр энергиясынын массалык түрдө өчүшүнүн себебин билдириштиКыргызстанда «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусу ачылды2026-жылы КРСУну Казакстандын 56 жараны аяктады, алардын көбү болочок дарыгерлерЖыл башынан бери жайыттарда 109 мыйзам бузуу аныкталдыКыргызстан менен Евробиримдик айыл чарба продукциясын Европагаа чыгарууну кеңейтүүнү талкууладыАвтобус, поезд, мотоцикл: Бишкектен Ысык-Көлгө кантип жетсе болот?
Кызыл-Кыяда аялдын капчыгын уурдап алган адам кармалды
01.02.2021 | 15:53
Кызыл-Кыяда аялдын капчыгын уурдап алган адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-январда Кызыл-Кыя шаарынын “Таштемир Ажы” базарында белгисиз адам Ноокат районунун Э.Н. аттуу 20 жаштагы тургунун кол сумкасынан капчыгын уурдап кетишкен. Ал капчыктын ичинде 10 500 сом акча болгондугун билдирип милицияга арыз менен кайрылган.
Ыкчам издөө иш-чарасынын алкагында көп узабай эле шектүү катары Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 41жаштагы Х.О. атуу тургуну кармалган.
Анын жанынан капчык табылып, уурдалган акча ээсине кайтарылган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар