Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
Кызыл-Кыяда унаасын чимирилтип айдаган жаран айыпка жыгылды (видео)
07.11.2024 | 11:46
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Буга чейин соцтармактарга Mercedes-Benz’тин айдоочусу шаар көчөлөрүнүн биринде унаасын чимирилте айдап, жол эрежесин бузганы тартылган видео чыккан.
Жол тескөөчүлөрү айдоочуну таап, 15 миң сом айып салган. Унаасы айып короого коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом