Кызын тээп, башка урган адам милицияга жеткирилди (видео)

Кызын тээп, башка урган адам милицияга жеткирилди (видео)

Бишкекте кызына кол көтөргөн жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин Мария Зозуля аттуу аял Бишкекте бир жаран кызына кол көтөргөн окуяга күбө болгонун айтып чыккан. Ал билдиргендей, атасы кызын башка уруп, андан кийин аны тээп, чачынан тартып, кызды башы менен унааны сүздүргөн. Мария Зозуля ал кишиге эскертүү бергенде, ал «баары жакшы, биз балдарыбызды ушинтип тарбиялайбыз, кыздарды, аялдарды ушинтип тарбиялаш керек» деп жооп берген.

Аталган окуядан кийин Мария Зозуля ошол жакта жайгашкан мейманканадан окуянын видеосун алып, соцтармактарга чыгарган. Ал укук коргоо органдарынан кызын урган адамды жазага тартууну талап кылган.

Бул окуя боюнча милиция билдиргенлей, видео соцтармактарга чыккандан кийин алар териштирүү иштерин баштаган. Кызына кол көтөргөн 39 жаштагы Н.А. аттуу жаран милицияга жеткирилген. Ал кыздын атасы экени ырасталган.

Аталган жаран камакка алынган эмес.

Учурда экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>