Коңшу өлкөлөр бизге келген чет элдик студенттерди тартып кетүүгө даяр, — депутат

Коңшу өлкөлөр бизге келген чет элдик студенттерди тартып кетүүгө даяр, — депутат

Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга билим алганы келген чет элдик студенттерди тартып кетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал Кыргызстандын эли меймандос экенин, бирок 18-майга караган түнү чет элдик студенттерди сабаган балдардын айынан өлкөбүз дүйнөгө жаманатты көрүнүп жатканын жана ал өлкөбүздүн имиджине доо кетишин каалабай турганын билдирдию.

Депутат Кыргызстанга жумушка келген Пакистандын, Индиянын жарандары өз ишин так аткарарын, ал эми билим алганы келген студенттери контракт төлөп, өлкөгө милларддаган сом пайда алып келип жатканын белгиледи.

«Казактар менен өзбектер «кантип аларды (чет элдик студенттерди — ред.) тартып алдыңар, биз да тартып алсак болот эле» деп суктанат экен. Эми агым ал жакка кетип калбасын. Билим берүү дүйнөдөгү өтө чоң бизнес. Гарвард университетинин бюджети 42 млрд долларды түзөт. Кыргызстандын ИДПсы былтыр араң 1 трлн сомго жетти. Ал мамлекеттен да бай окуу жай болуп жатат. Мисалы, Америка, Россия, Япония, Германия мамлекеттен акча бөлүп, гранттык түрдө башка өлкөлөрдүн жарандарын окутуп жатат. Бул — өлкөнүн имиджи. Ал жакта билим алып кеткендер, эртең-бүрсүгүнү ал мамлекеттер тууралуу жакшы пикир таратат. Эмне себептен Жакынкы Чыгышта Америкага караганда Англиянын таасири күчтүү? Анткени ал жактагы хандар, ханзаадалар, шейхтер көбүнчө Англияда окуп келген. Илим-билимдин тамыры абдан терең. Бизде окугандар (чет элдик студенттер — ред.) келечекте Кыргызстанды жарнамалай турган студенттер», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>