Күзүндө Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт

Күзүндө Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт

Бүгүн, 1-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялады. Бул тууралуу ал Казакстандын элине жасаган кайрылуусунда билдирди.

Токаев жаңы келе турган президентти бир гана жолу 7 жылга шайлоо сунушун айткан.

«Ушул күз айларында кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштайм. Адилеттүү Казакстан куруу жолунда түпкү жана комплекстүү реформаларды ишке ашыруу үчүн элдин жана ишеним мандаты керек. Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укук берилген жылдарды кыскартып, кезексиз президенттик шайлоого барууга дайынмын», — деди ал.

Президенттин бул сушунтарын парламент депутаттары кол чабуулар менен колдоду.

Эскерте кетсек, Казакстандын Баш мыйзамына ылайык президент эл тарабынан шайланат. Кезексиз президенттик шайлоо өлкө башчы тарабынан белгиленип, конституциялык мыйзамда каралган тартипте өтөт. Бир эле адам экиден ашык жолу өлкө башчы кызматына шайлана алат.

Токаев мамлекет башчы кызматына Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 2019-жылы мартта кызматтан кеткенден кийин келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>