“Дордой” базарында iPhone 13 уурдаган аял видеого түшүп калган

“Дордой” базарында iPhone 13 уурдаган аял видеого түшүп калган

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү “Дордой”  базарында элдин көптүгүн пайдаланып, уурулук менен алектенип жүргөн.

2022-жылдын 13-август күнү “Дордой”  базарында 41 жаштагы аялдын сумкасынан баасы 140 миң турган iPhone 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефон уурдалган. Жабырлануучу милиция га кайрылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери видеокөзөмөлдү карагандан кийин, чөнтөк уурулугуна тиешелүү жаранды табышкан. Камерада шектүү уурдалган телефон менен тез кетип жаткандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле, ал кайра уурулук кылып жатканда байкалып калган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Нарын облусунун тургуну 1976-жылы туулган М.М. кармашкан. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Аныкталгандай, шектүү уурдалган телефонду сатып алуучуларга арзан баада сатып салган.

Иликтөөнү Свердлов РИИБи жүргүзүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурдоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>