Лейлектеги селдин чыгымы 70 миллион сомго жакындады

Лейлектеги селдин чыгымы 70 миллион сомго жакындады

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлек районуна барып, сел каптаган аймактардагы турак жайларды жана инфраструктуралык объекттерди көрүп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сө кызматы кабарлайт.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 69 миллион сомду түзөт.

Вице-премьер-министр жарандарга тийиштүү жардамдарды көрсөтүү, жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдарда чара көрүүнүн алкагында алдын алуу иш-чараларын көрүү боюнча катар тапшырмаларды берди.

Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында турак жайды камсыздандыруу боюнча иштерди күчөтүүнү милдеттендирди.  

Белгилей кетсек, 2-май күнү кечке жуук жааган нөшөрлүү жаандан улам Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарында сел жүрүп, турак үйлөрдү, бала-бакчаны жана айыл-шаарлардагы ички жана тышкы унаа жолдорду суу каптаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>