Ленин округу: БШК айрым талапкерлердин күрөөсүн кайтарып берет

Ленин округу: БШК айрым талапкерлердин күрөөсүн кайтарып берет

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин району боюнча депутаттыкка талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул тууралуу комиссиянын жыйынында белгилүү болду.

Жумушчу топтун жетекчиси Искендер Гаипкулов БШК 32 талапкерди каттаганын, алардан шайлоо күрөөсү катары 3,2 миллион сом түшкөнүн маалымдады. Ал шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылса, бардык талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилерин түшүндүрдү.

Азамат Медеров менен Асылбек Кадралиев буга чейин шайлоого катышуудан баш тарткандыктан 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн кайтарып беришкен. Бактыбек Мураталиевге шайлоо күрөөсү кайтарылбайт, ал бюллетень бекитилгенден кийин арызын кайтарып алган.

Ошондой эле БШК каттоосун жокко чыгарган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>