Ленин округу: БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Ленин округу: БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандатуу Ленин райондук округу боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Бул тууралуу 16-июнда комиссиянын жыйынында белгилүү болду.

Шайлоо 2023-жылдын 28- майына белгиленип, 40 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдиришкен. Алардын ичинен 32 талапкер катталган.

Шайлоого 29 талапкер катышты. Шайлоо күнү шайлоочулардын катышуусу 13,95% түздү. Бул 17 миң 423 шайлоочунун 124 миң 908и.

АЭУ жана кол менен эсептөөнүн жыйынтыгында 35,83% добуш менен Дамира Ниязалиева алдыда болсо, 11,88% добуш менен талапкер Улан Сариев артта калды.

БШК 5-июнда жыйын өткөрүп, анда укук коргоо органдарынын шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматын укту. ИИБ Ниязалиева тарабынан добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталганын жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүн жөнөткөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, БШК ИИБ талапкер Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.

 

Ошондой эле талапкер Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылды. Каттоону жокко чыгарууга шайлоо фондунда каралбаган финансылык каражаттарды пайдалануу негиз болгон. Калган фактылар тастыкталган жок жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү болгон эмес.

 

Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен көбүн камтыган шайлоо тилкелеринде добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табат. Дамира Ниязалиевага добуш берүүгө катышкан жалпы шайлоочулардын үчтөн бири добуш берди.

Анын негизинде БШКнын Жумушчу тобу Ленин району боюнча шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну сунуштады. Боршайкомдун мүчөлөрү 16-июнда жумушчу топтун чечимин колдошту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: БШК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>