Лифттеги өлүм: Сотто «Бишкек шаардык лифттин» директору суралды

Лифттеги өлүм: Сотто «Бишкек шаардык лифттин» директору суралды

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда быйыл жыл башында лифтке кыпчылып каза болгон Кубанычбек Арстанбековдун өлүмү боюнча соттук отурум болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге маркумдун агасы Нематила Арстанбеков билдирди.

Соттук процессте «Бишкек шаардык лифт» ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев сурак берген.

«Бүгүн өкүм чыгарылат деп айтылган. Бирок бир күбө келбей калгандыктан, соттук отурум 19-сентябрга жылдырылды. Өкүм ошол күнү чыгарыла турган болду», — деди ал.

Бул иште «Бишкекшаардыклифт» ишканасынын жашы жетимиштен ашкан мастери Виктор Маленьких айыпталуучу болууда. Буга чейин аталган окуя боюнча айыпталуучу тарап жана Бишкек мэриясы соттук процесс жүрүп жаткан учурда комментарий бербей турганын билдирген.

Эскерте кетсек, быйыл 11-январда Улан кичи районунда Кубанычбек Арстанбеков коляскадагы баласы менен лифтке кирип баратканда ал өз алдынча иштеп кетип, Арстанбеков лифтке кыпчылып көз жумган. Ымыркай зыян тарткан эмес.

Маркумдун үй-бүлөсү иштин туура тергелбей, чыныгы күнөөлүүлөр жазаланбай калып жатканын айтышууда. Себеби окуяга күбө болуп, жардамдашкан адамдар кылмыш ишинде күбө катары чакырылган эмес. Ошондой эле алар билдиргендей, өлүм тууралу корутундуда Кубанычбек Арстанбеков лифт кысып калгандан өлгөн эмес деп жазылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>