Алтын кендеги коррупция: Бир нече кызмат адамы кармалды — видео

Алтын кендеги коррупция: Бир нече кызмат адамы кармалды — видео

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алтын кенине байланыштуу кылмыш иштин алкагында бир нече кызматы адамы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Буга чейин кабарлангандай, «Коррупция» боюнча ачылган иштин алкагында алтынды мыйзамсыз ташууга шектелип алтын кен компаниясынын башкы директору кармалган. Ал алтынды мыйзамсыз казып алып, сатуу максатында Чаткал районунун кызматы адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алганы айтылууда.

Аталган иштин алкагында дагы бир нече адам кармалган:

— Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы «С.К.К.»;

— Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы «Ж.Н.Ж.»;

— Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары «С.А.К.».

— Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Регионалдык дирекциянын Чаткал району боюнча көзөмөл-инспектордук кызматынын башкы инспектору «Б.З.Ж.».

Мындан тышкары, алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү да кармалган.

Кармалган адамдар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>