Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин өмүр баяны

Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин өмүр баяны

Бүгүн, 9-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эмгек жамаатына жаңы дайындалган министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиевди тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Эдиль Байсалов өз сөзүндө маданият тармагында жасала турган иштердин артыкчылыктуу багыттарын белгилөө менен, Тимурлан Ажымалиевдин ишине ийгилик каалап, алдыда жасай турган иштерди алып кетүү үчүн анын иш тажрыйбасына ишенээрин белгиледи.

Өмүр баяны 

Ажымалиев Тимурлан Максатбекович 1983- жылы 3-июлда Талас облусунда туулган.

Алматы шаарындагы Аль -Фараби атындагы Казак Улуттук университетин Юридика факультетин, андан соң, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридика факультетинин магистратурасын аяктаган.

— 2005-2007-ж.ж.- Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн.

— 2007- жылы — жеке сектордо эмгектенген;

— 2007-2008-ж.ж.- Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси;

— 2008-2009 – ж.ж. — жеке сектордо эмгектенген;

— 01.2009 – 10.2009 – ж.ж. — Президенттин Администрациясынын жетекчисинин жардамчысы;

— 10.2009 – 02.2010-ж.ж. — премьер-министрдин жардамчысы;

— 10.2011-02.2012 ж.ж.- «OPTIMUM долборлоо институту»- юридикалык жана кадр маселелери боюнча улук адиси (Казакстан., Актау);

— 2012- 2013-ж.ж.- жеке сектордо эмгектенген;

— 2013-2014- ж.ж — Жогорку Кеңештин депутататынын консультанты;

— 2014-2015- ж.ж. — Финансы министрлигинин жана «Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү» Эл аралык трасттык фонддун юридикалык консультанты;

— 2016 – 2017-ж.ж.- Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын кеңешчиси;

— 2018-2020-ж.ж.- Пландоо жана контролдоо уюштуруу-аналитикалык башкаруу башкармалыгынын башчысынын м.а. директорунун жардамчысы;

— 2020-2021-ж.ж.- Биринчи вице-премьер министрдин, Премьер- министрдин м.а. жардамчысы;

— 2021-ж. – Президенттик Администрациянын Билим берүү, илим, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2021-жылдын октябрь айынан тарта Президенттик Администрациянын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти болуп иштеген.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, Өкмөттүн Ардак грамоталары, ЕАЭБ Коллегиясынын жана бир катар ардак грамоталар менен сыйланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>