Конституциялык сот матчество боюнча чечимин өзгөрттү

Конституциялык сот матчество боюнча чечимин өзгөрттү

9-ноябрда Конституциялык сот матчество боюнча буга чейин кабыл алган чечимин соттун төрагасы Эмил Өскөнбаевдин сунушу менен кайра карап чыкты. Бул боюнча мекеменин сайтына жайгаштырылган маалыматта айтылат.

Конституциялык сот коомдогу ар кандай пикирлерден улам маселеге кайтып келгенин белгилейт.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 30-июнунда Конституциялык сот активист Алтын  Капалованын кайрылуусунун негизинде матчества маселесин карап, жарандын аты-жөнүнө энесинин атын кошуу мыйзамдуу жана Конституцияга каршы келбейт деп тапкан. Бирок балага 18 жашка толгондо фамилиясына атасынын же энесинин атын кошууну өзү тандоо укугу бекитилген.

Конституциялык сот мурдакы токтомдун 6-пунктун жана резолюция бөлүгүнүн 2-пунктун алып салып, жарандарга атасы менен энесинин атынын ортосунда тандоо укугун жокко чыгарды.

«Бул коомдук жана социалдык түзүмдөргө каршы келип, Конституциялык соттун аброюна шек жаратты», — деп айтылат чечимде.

 

Президентке кошумча укук берилет. Парламент мыйзамды кабыл алды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>