ИИМдин Күзөт кызматына жаңы алынган кызматкерлер ант берди

ИИМдин Күзөт кызматына жаңы алынган кызматкерлер ант берди

ИИМдин Күзөт кызматында жаңыдан кабыл алынган кызматкерлер ант беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«Кызматкерлер жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, мыйзамдуулукту сактай тургандарын айтышып, кесиптештеринин алдында  ант беришти. Салтанаттуу иш–чарага ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы жана ардагерлер катышты», — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Эгемендик күнүнө карата кызматта өз милдеттерин так, чынчыл аткарган, коомдук коопсуздукту камсыздоодо ийгиликке жетишкен кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылган.

«ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун командири Талантбек Раимбеков өзүнүнүн куттуктоо сөзүндө жаш кызматкерлерге берген анттарына бекем туруп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө тайманбастыгын көрсөтүп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга салымын кошуу жөнүндө насаатын айтып өттү», — деп билдиришти министрликтен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>