Мадумаровдо кабинет жок, коридордон кайра жыйынга кирди

Мадумаровдо кабинет жок, коридордон кайра жыйынга кирди

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясындагы эки депутаттан башкасына кабинет бериле элек. Бул туурасында депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал, “мыйзам өз орду менен кетиши керек. Мыйзам боюнча, фракциялар түзүлүп, фракциянын жыйындары өтөөрдө тизме кагаз менен берилет. Ал эми бизде кабинеттерибиз жок болсо, биз каерге кирип жыйын өткөрөбүз? Отура турган жериң жок, же кагазың жок. Кайдан өткөрөбүз ,жыйынды? Биз келе калып эле кабинеттерди ээлеп отура турган фракция эмеспиз. Бүгүн акүйдүн астын аттап отурабыз. Себеби, регламент боюнча ошондой. Бөлүштүрүп бергениңиз менен чыкпай жаткандар бар. Ачкычтарын алып качып жүргөндөр бар. Биздин фракцияда экөөнөн башкасында кабинет жок, азыр. Коридордо туруп, кайра кирдик” – деди Мадумаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>